Атамбаевдин иши боюнча сот бүгүн өтөт

Окуялар тизмеги 09 Янв 2020 09:18
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кезектеги соту бүгүн, 9-январда өтөт. Бул жөнүндө анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Соттук отурум Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында болот. Айыптоочулар буга чейин Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүүнү сунуш кылган жана ал канааттандырылган.

Адвокаттардын отурумду Биринчи май райондук сотуна которуу өтүнүчү четке кагылган.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А.Атамбаевге, И.Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.