Абылгазиев үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жазаны күчөтүүнү сунуштады

Окуялар тизмеги, Өлкө 09 Янв 2020 14:32
0 ой-пикир

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жазаны күчөтүүнү керектигин айтты. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таркатты.

Билдирүүгө ылайык, премьер-министр “үй-бүлөдөгү зомбулукту бүтүндөй коом үчүн трагедия” деп атап, быйыл өкмөт аялдардын жана балдардын укугун коргоо иштерин күчөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

«Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар акыркы күндөрү өлкөнү дуу кылды. Алар үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп, балдар жетим калды. Энелери күйөөлөрүнүн колунан каза тапты, алар жасаган кылмышы үчүн катаал жазага тартылат. Акыркы каргашалуу окуялар үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү болуп көрбөгөндөй актуалдуу темага айланганын ачык көрсөтүп турат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Премьер-министр өлкөдө көп жылдардан бери үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси жаап-жашырылып келгенин айтып, коомчулук мындай ырайымсыздыкка көз жумбашы керектигин кошумчалаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргогон мыйзамдарды өркүндөтүүнү жана жазаны күчөтүүнүн жол-жобосун изилдөөнү тапшырды.

Жаңы жылдан бери Баткен жана Нарын облустарында күйөөсүнүн ур-токмогунан 26 жана 36 жаштагы эки келин көз жумган. Бул окуялар коомчулукта катуу талкууланып, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча чакырыктар айтылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.