УКМК: «Солтон Сары» кенинин кызмат адамдары алтын уурдоого шектелип кармалды

Окуялар тизмеги 08 Янв 2020 13:08
0 ой-пикир

«Солтон Сары» кенинин жана «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын башчылары кенден чыккан алтындарды системалык түрдө уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын жана «Солтон Сары» кенинин кызмат адамдары аталган фабрикадан алтын кендерин Нарын жана Чүй облустарынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турган.

2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Оттук айылында «Мерседес Спринтер» авто унаасы кармалып, анда өлчөмү 1500 кг болгон 35 кап алтын камтыган кени табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 млн сомду түзөт.

Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2019-жылдын 29-декабрында «Солтон Сары» кенинин башчысы А.М.Ж., «Солтон Сары» алтын кен фабрикасынын директору О.Б.Ж. жана адиси К.Н.Р. кармалып КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар болгон башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.