Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын маянасы камакка алынган эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Буга чейин кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 2019-жылдын 9-13-август күндөрү Атамбаевдин 135 мүлкү камакка алынган.
«Документтер текшерилип, тергөө амалдары жүргөндөн кийин камакка алынган мүлктүн бир бөлүгү Алмазбек Атамбаевге тийиштиги жок экени аныкталып, камактан чыгарылган. Белгилей кетчү жагдай, Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын маянасы камакка алынган эмес», — дешти көзөмөл органынан.
Эске сала кетсек, Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын 135 даана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн текшерүүдөн кийин 20 даана кыймылсыз мүлк белгиленген тартипте (Жал-23 кичи районундагы № 77 көп кабаттуу турак үй, аталган үйдөгү 18 батир) камактан бошотулган.