Ош облусунда жер титиреди

Окуялар тизмеги 08 Янв 2020 10:37
0 ой-пикир

Ош облусунда жер титиреди, — деп кабарлайт КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында катталып, бүгүн, 8-январда болжол менен саат 07:51де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.