Олимпиада-2020: Кыргызстандан беш спортчу катышат

Окуялар тизмеги 08 Янв 2020 15:03
0 ой-пикир

Кыргызстандык беш спортчу Токиодогу 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган. Биздин спортчулар сууда сүзүү, жеңил атлетика, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештерге катышышат.

Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи ушул жылдын 24-июлунда өтөт. Учурда Олимпиада оюндарынын расмий сайтында мелдештердин ырааттамасы жарыяланды.

Ага ылайык, суучул Денис Петрашов сууда сүзүүнүн эки түрү боюнча катышат.

  • 25-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча 100 метр аралыкка;
  • 28-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 07:30да сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча 200 метр аралыкка.

Жөө күлүк Дарья Маслова жана Юлия Андреева:

  • 8-августта Бишкек убактысы боюнча саат 04:00дө – марафон.

Грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки балбан Атабек Азизбеков:

  • 4-августта Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат.

Кыз-келиндер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейинки салмак):

  • 4-августта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.