7-январда Мекке шаарында бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын 44чү жыйыны башталды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйынга Сауд Арабия падышачылыгынын муфтийи Абдель Азиз ибн Абдал ибн Мохаммед аль-Шейх, бүткүл дүйнөлүк Ислам лигасынын башкы катчысы Мухаммад бин Абделькерим Аль-Иса, тынчтык үчүн мусулман коомун дүйнөгө жайылтуу кеӊешинин өкүлү шейх Аллам Абдулла Бин Бий, Египет фонддорунун министри доктор Ахмед эль-Абади, Египет мамлекетинин муфтийи шейх Шавки Алламдын , Кыргызстан Мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана 82 мамлекеттен окумуштуулар, диний мекемелердин жетекчилери катышууда.
Ислам лигасынын жыйынында дүйнөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылуу максатында биргелешкен демилгелерди көтөрүү жана колдоо көрсөтүү, экстремизм, терроризмдин алдын алуу сыяктуу бир катар маселелер каралууда.