Жактоочу Айсулуу Шаршеева: Биз маморгандар көңүл бурбаган аялуу катмардын укуктарын коргойбуз

Интервью, Окуялар тизмеги, Статьялар 07 Янв 2020 20:51
0 ой-пикир

Айсулуу Шаршеева — 17 жылдык тажрыйбасы бар жактоочу. Бул жылдар аралыгында ал сотто жүздөгөн адамдардын кызыкчылыктарын коргогон. Негизги жумушунан сырткары ал коомдук укук коргоочулардын ишин көзөмөлдөйт, алар болсо калктын аялуу катмарына укуктук жардам көрсөтүшөт.

Коомчулук эгерде эркек жактоочу гейлердин укуктарын коргосо, ал дагы гей деп ойлошот.

— Коомдук укук коргоочулар деген кимдер айтып берсеңиз?

Коомдук укук коргоочулар – бул мен жана менин кесиптештерим укуктук жактан билим берген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү. Алар өз кезегинде, калктын аялуу катмарынын укуктарынын корголушуна көмөктөшүп келишет: ВИЧ инфекциясы менен жашагандарга, секс кызматын көрсөткөндөргө, баңгизатын колдонгондорго жана ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүнө.  

— Коомдук укук коргоочуларга калктын аялуу катмары кандай жардамдарды сурап кайрылышат?

— Алар басмырлоого көп туш болушат. Коомчулук аларга сын көз караш менен карашат, ал эми мамлекеттик органдар алардын укуктарын бузган учурлар да көп кездешет: негизсиз кармашат, камашат, физикалык күч колдонушат. Милиция кызматкерлери аларды башкалардын күнөөлөрүн моюнга алууга мажбурлашат. Баңгизатын “ыргытып” коебуз деп коркутушуп, акча өндүрүшөт. Медкызматкерлер жардам көрсөтүүдөн баш тартышат, калкка кызмат көрсөтүү борборлорунун кызматкерлери документтерди берүүдөн баш тартышы мүмкүн.

Мисалы, баңгизатынан көз каранды адам каттоого туруп, метадон жана шприц алуу үчүн пунктка келсе, аны кармап кетиши мүмкүн. Мындай учурда ал баңгизатын колдонууну абдан эңсеген соң, кылмышка барышы толук мүмкүн.

— Мындай маалдарда аларга жардам берген учурларыңар болду беле?

— Биз мындай укук бузууларды каттап, кийин ИИМге жана башка мамлекеттик органдарга маалымат беребиз. Алар өз кезегинде кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Баңгизатынан көз каранды адам супермаркеттердин биринен эки капчык жана телефон кубаттагыч уурдап алыптыр. Дүкөнгө 1000 сомго жакын зыян келтирилген. Жаңы кодекстер күчүнө киргени майда кылмыштар жоруктарга киргизилип, жазалоо жеңилдетилген. Айыпталуучу айыппул (20 миң сомго жакын) төлөш керек болгон, бирок анда мынча каражат жок эле. Айыппул төлөбөсө аны камап салышмак. Биз супермаркеттин администрациясы менен сүйлөшүп, айыпталуучу келтирилген чыгымды гана төлөп берген, сотто жоруктар боюнча иш кыскартылды.

Мындай ийгиликтүү учурлар көп.

— Сиздер коомдук укук коргоочулар менен жасаган иштериңиздерди баардык эле жактоочулар аткаргысы келбесе керек?

— Эркек жактоочулар ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрүнүн укуктарын коргоодон баш тарткан учурлар болот. Алар коомчулук алардын ишин туура эмес кабыл алат деп кооптонуп турушат. Коомчулук сен гейди коргоп жатсаң, демек сен дагы ошондойсуң деши мүмкүн.

 Секс-кызматкерлер «мамочкаларынын» колунда

-Секс-кызматкерлеринин укуктары кандай корголуп жатат?

Кылмыш кодексинде бул иш үчүн жоопкерчилик каралган эмес. Сутенёр болгондорго жаза бар, бирок секс-кызматын көрсөткөндөргө жок. Укук коргоо кызматкерлеринде аларды кармоо механизмдери бар. Милиция аларды бир нече суткага камап коюп, акча алышат. Бейбаштык тууралуу материал сотко жетсе, ал жактан ал адамды кармоого эмне негиз болгону тууралуу кат түрүндө арыз болушу керек. Аны мисалы, “домком” же кайсы бир активист (көп учурда бир эле адам) жазып, секс-кызматкерлери сөгүнүп, ызы-чуу салып, нары-бери өткөн эркектерге тийишип, уйку бербей жатат ж.б. деши мүмкүн. Чындыгында андай деле болбошу толук мүмкүн. Секс-кызматкерлерин камап койгон учурда балдары жалгыз калышы же кошуналары карап жаткан болушу толук мүмкүн. Түшүнүп жатасыңарбы? Былтыр Жаңы жыл алдында бир айымды бир нече суткага камап коюшкан. Анын укуктарын коомдук укук коргоочулар коргоп, аны ошол эле күнү кое беришкен. Биз алар жашоосуна ушундай жол менен акча таап жатканын актабайбыз. Алардын ар биринин тагдыры оор. Кимдир бирөө жетим болгон, башкасы жаш кезинде зордукталган. Бирок алар биринчи кезекте адам жана биз алардын укуктарын тепселебешибиз керек. Алардын укуктары башкалардыкынан төмөн болбошу зарыл.

-Алар менен иштешүүдө жактоочуларда дагы кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн? 

Кыйынчылыктар аз эмес. Мисалы, секс-кызматкерлер өздөрүнүн “мамочкаларынын” басмырлоосуна туш болушат. Милиционерлер алардын укуктарын бузган учурда, биз коомдук укук коргоочулар менен бирге көп иштерди аткарабыз: денелериндеги көгалаларды белгилейбиз, прокуратурага кайрылабыз, ар түрдүү инстанцияларда зомбулукка кабылгандарды коштоп жүрөбүз. Бирок “мамочкалары” эч ким менен жолукпай, баардык арыздардан баш тартып, жазган арыздарын артка кайтарып алууну талап кылышканда, биздин ишибиз текке кеткен болот. Бирок биз буга карабастан жумушубузду улантып келебиз.

-Сиздердин иште кандай жылыштар болгонун белгилей кетсеңиз?

Калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүү долбоорун “Көчө юристтери” деп атап келишет, ал Кыргызстанда 2016-жылы иштеп баштаган. Ал “Сорос-Кыргызстан” Фондунун жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашууда. Ай сайын 300гө жакын адам юридикалык жардам алат. Адамдардын укуктары боюнча бир канча актоо өкүмдөрү чыгып, бир катар ийгиликтер болууда. Бара-бара калктын аялуу катмарына болгон мамиле өзгөрүүдө. Алар дагы укуктары тууралуу кенен биле башташты. Биз келечекте коомдук укук коргоочулар юридикалык маселелердин көбүн өздөрү чече тургандай абалга жетишибиз керек. Ал эми жактоочуларга жана эксперттерге өзгөчө учурларда гана кайрылуулары керек болот.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.