Сооронбай Жээнбеков православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Окуялар тизмеги 07 Янв 2020 12:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 7-январда православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдө. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Бул майрамга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү православдарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан куттуктоодо Жээнбеков бул жакшылык менен ак ниеттүүлүккө жана бири-бирине жардам көрсөтүүгө чакырган майрам экенин белгилеген.

Ошондой эле президент Кыргызстан бардык салттуу диндерге сый мамиле кыларын белгилеп, жарандарды өлкөнү өнүктүрүш үчүн чогуу-чаран кызмат кылууга чакырган.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары эсептелет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.