Акылдуу эсептегичтердин күмөндүү эсептери. «Түндүк электр» ишканасы эмне дейт?

Окуялар тизмеги, Өлкө 07 Янв 2020 13:08
0 ой-пикир

«Акылдуу» эсептегичтердин күмөндүү эсептерине элдин суроосу дагы деле бүтө элек. Учурда социалдык тармактарда бул эсептегичтерди башкарса болот деген ой жаралып, талкуу кызуу жүрүүдө.

Айрым интернет колдонуучулар электр энергияны өндүргөн компаниялар элди алдап, үч эсе көп акча алдырып жатат деп жазышкан.

Бирок бүгүн «Түндүк электр» ишканасы бул маалыматты четке какты.

Ишкана «акылдуу» эсептегичтер Мамлекеттик стандарт ишканасынан сертификациядан өтүп, эл аралык талаптарга жооп берерин билдирди.

-«Акылдуу» эсептегичтердин ишиндеги ар бир кемчилик албетте бул биринчи кезекте аны өндүргөн ишкананын беделине шек келтирет. Андыктан бардык өлкөлөрдө жабдыктар тиешелүү органдар тарабынан текшерилип турат», — деп айтышты компаниядан.

Маалыматта «акылдуу» эсептегичтер коюлган соң айрым аймактарда электр энергиясын жоготуу 20 пайыздан 10 пайызга чейин түшкөнү далилденгени кабарланат.

«Мурда колдонуучулар электр энергиясын белгиленгенден дагы көбүрөөк колдонуп салышчу. Азыркы эсептегичтердин жардамы менен буга чек коюлду. Ошондой эле ал аркылуу абоненттин жарыгын алыста туруп өчүрүп жана кайра кошуп коюуга болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, «акылдуу» эсептегичтер Кыргызстанга 2012-жылдан баштап коюла баштады. Энергоишканалардын болжолунда өлкөдө 400 миң «акылдуу» эсептегич орнотулган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.