Тынымсыз соцтүйүндө отуруу адамды эбегейсиз стресске учуратат

Аалам, Окуялар тизмеги 06 Янв 2020 17:17
0 ой-пикир

Франциянын «Le Figaro» басылмасы «2020-жылы смартфонду таштоого мүмкүнбү?» деген суроого жооп издеген.

Макалада «франциялыктардын 60% смартфонду ар бир 10 мүнөт сайын карамайынча тура албай калганын, уюлдук телефонсуз жашоосун элестетүү болбой калгандыгы айтылат. Ошондой эле «AXA Prévention» биримдигинин окумуштуулары аныктаган фактылар келтирилет.

Ага караганда, смартфон азыр адамдын организминин бир бөлүгү. Адамзат секунд сайын өнүккөн технологияга байланууда. Бирок психологдор уюл телефонго байлануу, тынымсыз социалдык түйүндө отуруу адамды эбегейсиз стресске учуратарын эскертишүүдө. Андыктан аны колдонууну чектөөгө мезгил жетти.

Психологдор 21 күн бою смартфонду тамак жегенде, чай ичкенде, адамдар менен жолугушууда, уйку алдында колдонбой, тажрыйба жүргүзүп көрсө натыйжалуу болору билинерин айтышат» деп баяндалат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.