Нарында эки балалуу келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду

Окуялар тизмеги 06 Янв 2020 22:48
0 ой-пикир

Кыргызстанда соңку кездери уруп-сабоо, мыкаачылык менен коштолгон үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук чындыгында абдан көбөйдү. 1-январь күнү зөөкүрдүн колунан дагы бир келин көз жумду.

Окуя Нарын облусунун Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында болгон. 1986-жылы туулган А.У. аттуу жаран 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинчеги менен акчанын айынан уруша кетип, сабап жатып өлтүргөн. Бул тууралу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жубайлардын ортосунда бир уул, бир кызы болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.