Генерал Сулейманинин өлүмү дүйнө лидерлерин кабатыр кылды

Аалам, Окуялар тизмеги 06 Янв 2020 10:05
0 ой-пикир

Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын лидери Эммануэль Макрон АКШнын ракеталык соккусунан каза тапкан ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берип жазды.

Жума күнү, 3-январда, эки өлкөнүн башчысы телефондон сүйлөшкөн. Маек француз тараптын демилгеси менен жүргүзүлгөн.

«Эки тарап тең АКШнын ракеталык соккусунан улам Багдад аэропортунда каза тапкан атайын даярдыктагы «Кудс» бөлүгүн баштаган Касем Сулейманинин өлүмүнө бушайман болуп жатканын билдиришти. Анда жаралган нааразычылык аймактагы абалды курчутуп жибере турганы айдан ачык болуп калганы айтылды», — дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 3-январь күнү эртең менен Багдаддагы аба майданда ракетанын чабуулунан Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы «Кудс» бөлүгүн баштаган Касем Сулеймани менен кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис каза тапкан. Мындан тышкары, Ирандын төрт офицери көз жумган.

Пентагон АКШ Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктап, сокку президент Трамптын буйругу менен аткарылганын жарыялады. Вашингтон Сулейманини Багдаддагы Американын элчилиги менен коалициянын базасындагы кол салууларга тиешеси бар деп эсептейт.

Ирандын саясий жана аскерий жетекчилиги бул окуяга үн катты. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани Сулейманинин өлүмү үчүн өч алууну убадалады. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү.

Булак: sputnik.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.