Финансы министрлиги: Бюджеттин кирешеси 126 миллиард 19 миллион сомду түздү

Окуялар тизмеги 06 Янв 2020 14:23
0 ой-пикир

2019-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 миллиард 19 миллион сомдон ашык каражатты түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул каражаттын ичинен 55 миллиард 552 миллион сом салыктан, 37 миллиард 744 миллион сомдон ашык каражат бажы төлөмдөрүнөн чогултулган.

Өкмөт 2019-жылдагы бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 152, 1 млрд. сом , ал эми чыгаша — 162 млрд. сомго белгиленген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.