Араванда атасы секелек кызын зордуктаган

Окуялар тизмеги, Өлкө 06 Янв 2020 16:56
0 ой-пикир

Араван районунда 15 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталган. Бул тууралуу Turmush.kg сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда, зордукталган кыздын апасы 4 жыл мурун каза болгон. Атасы кызын 1 жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн. Кылмыш декабрь айынын башында белгилүү болду. Өспүрүм кыз учурда психологдордон жардам алууда. Ал кесиптик лицейлердин биринде окучу. Бирок декабрь айынан тартып сабакка барбай калган.

Өспүрүм кыз чоң энеси, атасынын карындашы, бир туугандары менен чогуу жашагындыгы айтылат.

Ош шаарынын милициясы билдиргендей, аталган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган. Шектүү кызын зордуктаганын мойнуна алган.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы Араван райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынган.

Зордуктоо боюнча кылмыш иш 31-декабрь күнү Араван райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.