Жыл жыйынтыгы: кыргыз экономикасындагы орчундуу учурлар

Окуялар тизмеги 05 Янв 2020 15:22
0 ой-пикир

2019-жыл Кыргызстанда санариптештирүү жана региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Жыл ичи өлкөдө мамлекеттик органдардын бирдиктүү электрондук тутумдары ишке киргизилди, ишкерлер онлайн эсеп-фактура тапшыра башташты

«Акчабар» Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү  экономика менен каржы секторундагы орчундуу учурларга көз салган.

Январь

«Джунда» мунай кенин иштетүүчү завод монополисттердин тизмесине киргизилди. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аныктап чыккандай, завод КР аймагындасуюлтулган газды чыгаруу боюнча алдыңкы орунда турат. 

Кыргызстан 2018-жылы Орто Азия боюнча насыяга баткан өлкө болуп калган. Ал эми  бажы кызматы жемкорлордун уюгу катары аталды. Анда соң жемкорлуктун тизмегине саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана транспорт министрлиги кирет. 

Бул жылы КР Өкмөтү документтерди берүүнү мамлекетке кайтара алды. Мисалга алсак, айдоочулук күбөлүктү берүү «Унаа» Мамлекеттик ишканага тапшырылды. 

Февраль

Өкмөт Кыргызстандагы онлайн-сатууну жөнгө салууну көздөйт. Бул демилгени экономика министрлиги көтөрүп чыкты. Февраль айы автосүйүүчүлөр үчүн эсте каларлык болду. Себеби, Өкмөт бул айда ОСАГО программасын 2021-жылга иштеп чыгууну убада кылды жана унаага бир жылда бир гана салык төлөө киргизилди. 

Айдын аягында «Мобильник» электродук капчыктын иши Улуттук банк тарабынан токтотулду. 

Март

Смартфон ээлери iOS операциялык тутум аркылуу валюталардын тең салмактуулугун телефондон сактай алышты. Блокчейндин негизинде иштеген криптобиржа, Кыргызстандын мектептериндеги интернеттин сапатын жакшыртууну ишке ашырат. Андан сырткары, кыргызстандык IT-адистер өздөрүнүн билими менен британиялык компанияларды таң калтыра алышты.

Бул учурда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, көпчүлүктү таң калтырып, күтүүсүздөн отставкага кетти. Бирок, ал бийликтен таптакыр кеткен жок. 

Апрель

Saudi Aramco мунай компаниясы дүйнөдөгү эң кирешелүү компания аталды. Анын бир жылдык кирешеси 111.1 млрд долларды түздү. 

Forbes Asia кыргызстандык Дастан Өмүралиевди таасирдүү ишкерлердин катарына киргизсе, Илон Маск эки минутанын ичинде 1 млрд долларын жоготту. 

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталы Кыргызстандагы бардык банктардын капиталынан жогору болуп чыкты. 

Май

Парламент депутаттары жол эрежелерин бузуудагы айып пулдун көлөмдөрүн кайрадан өзгөртүүнү чечишти: 2019-жылдын аягына чейин унаанын тизмегин чогултууну жана «РСК» банктын базасында ири экспорт-импорт банкты ачууну убадалашты. 

ЖАК «Альфа Телеком» жана ААК «Кыргызтелеком» жаңы уюлдук Salam операторун ачуу боюнча суроолорду талкуулашты. Бул боюнча коом бир пикирге келгичекти, КР УБ «Мобильникти» лиценциядан толугу менен ажыратты. Ал эми Айыл-чарба министрлиги Нурбек Мурашев эң начар министр аталып, «Кара кепичтин» ээси болду. 

Июнь

Жай айында Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышы болот. Бул үчүн атайын туристтерге мобилдик тейлөө кызматтары ишке киргизилди. Ал эми бардык кыргызстандыктар үчүн 14% ипотека жеткиликтүү болду. 

КР бардык банктарынын капиталы 40 млрд сомдон ашты. ААК Инвестициялык «Чанг Ан»  банкы микрокаржылоо компания аталды. 

Июль

Кыргызстанда автоунаалар үчүн жаңы техникалык паспорттор ишелип чыкты. Илон Маск адамдын мээсине компьютерди кошуп, иштеткен  Neuralin долбоордун жыйынтыгын тартуулады. 

Бажы кызматы жарым жыл ичинде коррупциянын беделинен чыга албай, имиджин жакшы жакка өзгөртө алган жок. 

Август

КР акыркы жай айларында тоо-кен казып алуу иштери жүргүзүлдү: өкмөт Солтон-Сарыдагы Zhong Ji Mining Company ишмердүүлүгүн токтотту. Көп жылдан бери талаш-тартышты жаратып келген канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ишин көзөмөлгө ала алды. Тоо-кен казып алуу компаниясы өлкөнүн бюджетин 2026-жылга чейин 150 млн долларга толтурууга убада берди. 

Башка канадалык Stans Energy​ Corp компаниясына Кыргызстан,  Торонтодогу арбитраждык соттун чечими менен 24 млн доллар бериши керек. Тараптардын Куттуу — Сай II  жана Калесай кениндеги талаш-тартышы 8 жылдан бери уланып келет. 

Сентябрь

Региондорду өнүктүрүү жылында көпчүлүк күткөн өзгөрүүлөр болуп кеткен жок. Мисалга, Нарын шаарынын жанындагы Кеңеш айылындагы контейнерден ачылган мектеп элдин нааразычылыгын туудурду. Ал эми Бишкектеги типография мектеп китептерин ката менен басып чыгарып, сын-пикирге кабылды.

Смартфон чыгаруучулар гаджет сүйүүчүлөрүн үч камералуу жаңы iPhone менен сүйүндүрдү. 

Октябрь

Жаңы iPhone уюлдук телефондун баасы кыргызстандыктардын орточо 120 күндүк эмгек акысы менен барабар болуп чыкты. Кыргызстандагы инфляциянын абалы акындарды комузга салып ырдатты.

Ноябрь

Кыргызстан эки рейтингтен тең бешинчи орунга чыкты: бааланбаган туристтик өлкө жана Кытайга карыз болгон мамлекет катары. Бул учурда эл өкүлдөрү Улуттук банк, Эсеп палатасы жана Башкы прокуратура жетекчилерин мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү демилгесин көтөрүп чыгышты. 

2019-жылдын аягында интернет дүйнө жүзүндөгү 4.1 млрд адам үчүн жеткиликтүү болду. Интернет колдонуучулардын бир бөлүгү Alibaba компаниясынны ишке ашыруусуна өбөлгө түзүштү. Компанянын рекорддук көрсөткүчү 38.3 млрд долларды түздү. Ал эми Кыргызстан бул каражатты 19 жыл ичинде гана таба алат. 

Декабрь

Жаңы жыл астында президент уран казууларга тыюу салуу боюнча мыйзамга кол койду. Торонтодо «Кыргызалтындын» акциялары төмөндөп жатат. 

ЕАЭСтин ичинде Кыргызстандын карызы эң төмөн болуп чыкты. Жалпы 258 млрд доллардын ичинен, өлкөнүн карызы 4.5 млрд долларды түзгөн. 

Булак: Акчабар

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.