Жалал-Абадда аскер кызматкери октон жабыркады

Окуялар тизмеги 05 Янв 2020 22:09
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунда аскер кызматкери өзүнүн бутуна ок атты. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, окуя бүгүн, 5-январда болгон.

Шашылыш кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери Чек ара кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүгүндө кокусунан ок чыгарган. Анын абалы канааттандырарлык деп айтылууда.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.