ИИМ: Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлкү камакка коюлду

Окуялар тизмеги 05 Янв 2020 12:46
0 ой-пикир

Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөрдүн мүлкү камакка коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө шектүүлөрдүн туугандарынын мүлкүнө карата эч кандай чечим кабыл алынбаганы айтылат.

«2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекетке жана жарандарга келтирилген чыгымдын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында Жазык-процессуалдык кодекстин 123-беренесинин негизинде жана Мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматка ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыш боюнча шек саналгандардын мүлкү камакка алынды. Ал эми шектүүлөрдүн туугандарынын мүлкү камакка коюлган эмес», -деп айтылат маалыматта.

Ушул жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.

Атамбаевге жана анын айрым тарапташтарына айып коюлуп, камакка алынган. Кээ бирлери үй камагында.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.