Дүйнөдөгү эң популярдуу диета

Аалам, Окуялар тизмеги, Статьялар 05 Янв 2020 13:07
0 ой-пикир

Кошумча салмактан арылуу үчүн ар түрдүү диеталар сунушталат. Дүйнөдө өткөн жылы үзүп ачкалык кармоо ыкмасы эң популярдуу болду. Бул ыкма кандай иштейт, ал кооптуу эмеспи? Бул жөнүндө Би-Би-Си жарыялаган макаланы сунуштайбыз.

Үзүп ачкалык кармоонун бир нече түрү бар. Анын орозодон бир айырмасы бар, суу ичсе болот. Бул диетанын эң негизги принциби — интервал менен наар албайсыз же өтө аз тамактанасыз.

Бүгүнкү күнү тамакты тандап жеген менен катар эле тамактануу үчүн туура убакытты тандоо дагы маанилүү болуп калды.

Жакында эле «Твиттердин» негиздөөчүсү Жек Дорси сергек жашоо боюнча маек куруп, күнүнө бир эле жолу тамактанарын, дем алыш күндөрү ачкалык кармап, наар албай турганын жана ишке сегиз чакырым жөө басып келерин айтып берди. Буга дүйнөлүк коомчулук таң калганы менен, миллиардер кеңири тараган диета тренддеринин бирин карманып келгени талашсыз.

Азык-түлүк боюнча эл аралык маалымат кеңешинин сурамжылоосуна ылайык, үзүп ачкалык кармоо өткөн жылдын эң популярдуу диетасы болду. Көрсө, Жек Дорси дал ошол ыкманы карманат тура.

Үзүп ачкалык кармоо ыкмасы

  • 16:8 диета ыкмасында бир күндө 8 саат гана тамак жейсиз, 16 саат бою оозго наар албайсыз. Ошондо түшкү саат он экиден кечи саат сегизге чейин тамактансаңыз болот.
  • 5:2 диета ыкмасында аптанын эки күнүндө кадыресе күнү желген тамактын 25 гана пайызын жесе болот. Эки күн катары менен ачка жүрсө болбойт.
  • Бир жуманын же айдын бир күнүндө 24 саат бою оозго наар албайсыз.
Person with measuring tape around waist
Калорийди азайтсаңыз курсак кетет

Бул ыкманы колдонгондор ашыкча салмактан арылганын айтышкан. 2017-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө, үзүп ачкалык кармоо ыкмасын колдонгон 16 адамдын 11 курсагын кетирген.

«Бул ыкма өтө жөнөкөй. Калорийге чектөө киргизсеңиз, курсак кетет. Бул жөн гана математика»,-дейт алдыңкы диетологдордун бири Линия Пател.

Бирок изилдөөдө үзүп ачкалык кармоонун айрым ыкмалары ден-соолукка зыян деп табылган. Мисалы, эки күндүн биринде ачка жүргөндөр ыкманы жактырган эмес. Ошондуктан дарыгерлер 5:2 ыкмасын колдошот.

Ачка жүрүү

Адам баласы диний ишеними же үрп-адаты аркылуу ачкалык кармап келген. Ал эми адамдын тамактануу маданиятын алсак, мезгил-мезгил менен ачка жүрүү кеңири тараган. Диетолог Пател биздин бабаларыбыз көп учурда аргасыз ачка жүрүшкөнүн айтат. Мисалы, мергенчилер олжосун атып алганга чейин ачка жүрүшкөн. Күн сайын алдынан «ажалдуу кийик» чыккан эмес.

Бүгүнкү күнү азык-түлүктү каалаган учурда алсак болот. Тамак-аш ар бир көчөнүн бурчунда бар. Ошондой эле адам баласы аз кыймылдап калды. Мурдагы көчмөн кыргыздар тоодон шаарга түшүп, азыр кеңседе ордунан жылбай иштейт. Мунун баары ашыкча салмакка алып барат. Семиз болуу эпидемия деңгээлине чыкты.

«Адам баласы эрежелерди жактырат»

Кишиге туура тамактануу, жашылча-жемишти көбөйтүү керек экенин айтуу жетишсиз, дейт диетолог Пател.

«Адам баласы эрежелерди жактырат. Тартип орнотуу үчүн айрым учурда наар алба дегенге моюн сунат. Мунун арты менен дисциплина пайда болуп жатпайбы»,-деп кошумчалады Пател.

Башка диеталарга салыштырмалуу үзүп ачкалык кармоо ыкмасында майлуу же туздуу тамакты жей берсе болот. Сизге бир гана убакытты белгилеп алуу жетиштүү. Ошондуктан бул ыкманы популярдуу деп айтышат.

Жыйырма алты жаштагы журналист Шана Деннис дагы бул ыкма өтө жөнөкөй болгон үчүн ага кызыкканын айтат.

«Мага жеңил, жөнөкөй жана эффективдүү ыкма керек эле. Түшкү саат он экиден кечки саат сегизге чейин эле тамак жесе болот дегени мага жакты. Дароо баштаса болот экен деп калдым. Бирок каалаганды жесең болот деген жалган экен. Ыкма иштесин десеңиз туура тамактануу керек».

fruit and stethoscope
Организмге керектүү витамин менен минералдарды жашылча-жемиш аркылуу алса болот

«Бир күн ачка, бир күн той»

Эрежени карманган күнү ачка жүрүп, эртеси күнү ашыкча тамак жеген чоң ката экенин диетологдор айтышууда.

«Үзүп ачкалык кармоо ыкмасынын негизги катасы ошондо. Айталы, айрым бейтаптар ачкалык кармоо күнү калорийди беш жүзгө чыгарбайт, башка күнү өтө эле көп тамактанат. Бул абдан кооптуу. Антсеңиз калорийди чектебей эле, кошумча май топтогон болосуз. Туура тамактануу маанилүү экенин унутпайлы», — дейт Пател.

Диетаны ден-соолукка зыян келтирбей кармоо үчүн организмге зарыл болгон азыктарды жеш керек.

Окумуштуулардын айтымында, организм талап кылган майды балык, жаңгак, дан азыктары аркылуу алып, протеинди майлуу эмес эттен чогултуп, жашылча-жемишке басым жасоо керек.

Imhan Roberston
Имхан Робертсон төрт жылдан бери үзүп ачкалык кармоо ыкмасын колдонуп келет

Ден-соолукка зыян келтирбей диета кармоо

Үзүп ачкалык кармоо ыкмасы узак мөөнөткө колдонгондо эффективдүү болот. Ошону үчүн диетологдор эң ыңгайлуу ыкманы колдонууга чакырышат. Көптөр бир күн кечке ачка жүрө албагандыктан, 16:8 ыкмасын ыңгайлуу көрүшөт.

Жыйырма алты жаштагы Имхан Робертсон төрт жылдан бери үзүп ачкалык кармоо ыкмасын колдонуп келет. Ал башында абдан оор болгонун, кийин көнүп кеткенин айтат.

«Башында 5:2 ыкмасы менен баштагам, бирок бир күн кечке ачка жүрө албай койдум. Азыр түшкү он экиден кечки сегизге чейин тамак жейм. Күнүнө эки гана жолу тамактанам. Мындай ыкманы колдонуу үчүн үйдөгүлөр дагы түшүнүү менен кабыл алышы керек. Үйдөгү жакындарың колдобосо, диета кармай албайсың»,-дейт ал.

Диетологдор үзүп ачкалык кармоо ыкмасын диабет илдетине кабылгандар, кош бойлуулар же баланы эмизип жаткан аялдар кармабашы керек деп эскертет. Ошондой эле курсагында жара бар бейтаптарга дагы болбойт.

Пателдин айтымында, бул ыкма он жыл мурун гана чыккан, жетиштүү изилдөөлөр жүрбөгөндүктөн, үзүп ачкалык кармоону барынан эффективдүү деп айтуу жаңылыштык болот.

«Ак же кара деп айтууга болбойт. Азырынча жетиштүү изилдөөлөр жүрө элек. Бул ыкма туура колдонулса, позитивдүү касиеттерге ээ деп гана айта алабыз», — дейт диетолог Пател

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.