2019-жылы президент 19 жолу чет өлкөгө чыккан. Иш сапарлардын тизмеси жана натыйжалары

Окуялар тизмеги 05 Янв 2020 13:54
0 ой-пикир

2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков 19 жолу чет өлкөгө расмий иш сапары менен барган. Иш сапарлардын тизмесин жана натыйжасын келтиребиз.

Февраль — Сочи

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 9-февралында бир күндүк иш сапарынын алкагында Сочи шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Жыйынтык: Эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.

Апрель — Мюнхен, Берлин, Пекин

Германияга болгон расмий иш сапар. 15-апрелде өлкө башчы кыргыз-герман экономикалык форумга катышкан. Ал эми Мюнхен шаарында өлкө башчы Бавария мамлекеттик канцеляриясынын жетекчиси, федералдык жана европалык маселелер жана ЖМКлар маселелери боюнча мамлекеттик министри Флориан Херманн, ошондой эле экономика, өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министри, премьер-минстрдин орун басары Хуберт Айвангер менен жолуккан.

Мындан тышкары С.Жээнбеков Германияда окуп иштеген кыргызстандыктар менен жолугушуу өткөргөн.

16-апрель, Берлин

Президент Берлин шаарында Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлери Ангела Меркель менен, ошондой эле Бундестаг президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушкан. Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашкан.

Жыйынтык: Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына — соода-экономикалык, өнөр жай тармагы, гидроэнергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм чөйрөсү боюнча кол коюлган.

25-апрель, Кытай

Өлкө башчы Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын экинчи күнүндө делегация башчылары менен бирге Кытайдын Пекин шаарында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтык боюнча Экинчи форумунун сессияларына катышкан.

Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу визитинин алкагында президент ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташууга кызыкдар болгон кытайлык бир катар компаниялардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрүп, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге «Достук оазиси» гүлбакчасында дарак отургузган.

Жыйынтык: Форумдун талаасында Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулаган.

Май — Нур-Султан, Нью-Дели, Мекке

28-май, Нур-Султан шаарына болгон иш сапар

28-майда өлкө башчы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулашкан.

Жыйынтык: Жыйындын жыйынтыгында эл аралык ишмердүүлүк, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү бир катар документтерге кол коюлду.

30-майда С.Жээнбеков Индиянын Нью-Дели шаарында Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин инаугурация аземине катышкан.

31-май, Меккеге болгон расмий иш сапар

Өлкө башчы эки ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү — Сауд Арабия королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга барып, Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун 14-саммитине катышкан.

Ислам кызматташтык уюмунун саммитинин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» чакырыгы астында өткөн.

Июнь — Душанбе шаары

Сооронбай Жээнбеков 15-июнда Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын кеңешинин 5-жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе учуп кеткен.

Июль — Берн, Москва, Исфара

9-июлда С.Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу менен Швейцария Конфедерациясына барган. Расмий визиттин жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушкан.

Жыйынтыгы: Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюлган.

11-июль, Москва

Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу болгон.

26-июлда, Исфара

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара шаарындагы көргөзмөгө катышкан.

Жыйынтыгы: Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын бардык маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча чараларды талкуулашкан.

Сентябрь — Оренбург, Ереван

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Оренбург облусуна бир күндүк иш сапары менен барып келген.

Жыйынтыгы: Кыргызстандын жана Россиянын башчылары «Донгуз» полигонунда «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгууларынын активдүү фазасын жана ошондой эле курал-жарактардын жана аскер техникасынын көргөзмөсүн көрүп чыгышты.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин эки тараптуу жолугушуу өткөрүшүп, анын жүрүшүндө Кыргызстан жана Россиянын азыркы абалын, актуалдуу маселелерин жана кызматташуунун келечегин талкуулашты.

30-сентябрь, Ереван

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-октябрда Армениянын Ереван шаарында Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышкан. ЖЕЭК жыйынынын алкагында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун ишине катышкан.

Жыйынтыгы: Жыйындын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлган.

Октябрь — Ашхабад, Баку

11-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышкан.

Аталган жыйын тар жана кеңейтилген курамда өтүп, анын жыйынтыктары боюнча Шериктештикке кирген мамлекеттердин башчылары тарабынан КМШ алкагында өз ара кызматташууну жогорулатууга багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

Жыйынтыгы: Ошондой эле жыйындын алкагында С.Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашкан.

14-октябрь, Баку

Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Азербайжанга барган. Сапардын алкагында бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин эки тараптуу жолугушуусу болгон.

20-октябрь, Токио

Президент Сооронбай Жээнбековдун Япониядагы расмий сапары уланып жатат. Бүгүн, 22-октябрда Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышкан. Такка отургузуу аземи Токио шаарындагы император сарайында уюштурулган. Анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурган.

Ноябрь — Ташкент

Өлкө башчы Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышкан.

Декабрь — Абу-Даби, Эр-Рияд, Санкт-Петербург

Президент Сооронбай Жээнбековдун Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен расмий жолугушуу аземи «Каср Аль Ватан» сарайында болгон.

Жыйынтык: Жолугушуунун жыйынтыгында маданият, туризм, билим берүү, айыл чарба, жарандарды социалдык коргоо жаатында кызматташуу тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков визиттин алкагында БАЭнын вице-президенти, премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум, Абу-Даби жана Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр, БАЭнин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушкан.

15-декабрь, Эр-Рияд

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен расмий жолугушуусу Эр-Рияд шаарындагы королдун сарайында болгон. 6-декабрда Эр-Рияд шаарында Сауд Арабиясында жашаган мекендештер менен жолугушкан.

20-декабрь, Санкт-Петербург

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышкан. ЖЕЭКтин жыйыны чакан жана кеңейтилген курамда өтүп, Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчылары ЕврАзЭСтин алкагында өлкөлөрдүн интеграциясын мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.