Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратура анын салык декларациясын текшере баштаганын билдирди. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” баракчасына жарыялады.
«Өзүмдүн актыгымды далилдеш үчүн тиешелүү документтерди чогулттум. Салык кызматкерлери мага ашыкча сумма жазып коюп, менин декларацияларымды прокуратурага жөнөтүшүптүр. Мага ашыкча сумма жазган салыкчыларды жоопко тартууну талап кылам» — деп жазган эл өкүлү.
Буга чейин Дастан Бекешев өкмөттү, бийлик өкүлдөрүн сындаган бир катар билдирүүлөрдү жасаган.