Кундуз Жолдубаева кичинекей кызын эмнеге сотко алып келген?

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Янв 2020 20:25
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева кичинекей кызын эмнеге сотко алып келгендигин түшүндүрдү. Бул жөнүндө ал Фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Көпкө чейин бул билдирүүнү жазсамбы же жокпу деп ойлодум. Акыры жазуу керектигин туура көрдүм. Дарига менин 5 жаштагы кызым, аябай дилгир. Балким, кеч төрөлгөн балдар, кала берсе тун балдар ошондой болор. Ал курсакта кезинде эле эрте дүйнөнү таанууга кызыкдар эле. Кининекейинен сабырдуу кыз болду. Бир жарым жашында өзүнүн оюнчуктарын билчү.

Көпчүлүк Кой-Таш окуясында кызым кайда болгонун билгиси келет. Жыл сайын жайында кызым Нарынга, таене-таятасыныкына барып эс алып келет. Жалпы Кой-Таш окуясына байланыштуу кызым мени менен УКМК имаратына да барган, ММКларга интервью берген учурумда жанымда болгон. Бир ирет кызым башкы бетинде Алмазбек Атамбаевдин темир тор артында түшкөн сүрөтү менен гезитти көтөрүп келиптир да «Апа, эмнеге Атамбаев темир тор артында жана капалуу отурат?» деди. Дагы сурактан келе жатып «Апа, эмнеге сенин досторуңдун баарын камакка алып жатышат?» деп сураган.

Кызым биринчи кезекте өз өлкөсүнүн эркин жараны. Мен аны дайым жеке инсан катары тааныйм, кызымдын өзүнүн пикири, тандоо укугу бар экендигин баалайм.

Ал күнү бизди ИИМдин тергөө башкармалыгында 6 саат кармап, саат 20:00дө гана оор кылмыштарга шектелип жатканымды угузушту. Мен кызым менен коштошуп алууга мүмкүнчүлүк берүүсүн сурандым. Бирок бизди криминалдык милициянын унааларында ыкчам топтун кызматкерлери коштоп сотко алып барышты. Сот залына эч кимди киргизишкен жок. Мен кармалбасам да сыртка чыгарбай жатышты. Мындай көрүнүшкө кыжырданган Замир Жоошев мени Даригуша менен коштошуп алсын деп күч менен алып чыкты. Тергөөчү менен прокурор 9-февралга чейин мени камакка алууну сурашты. Бул учурда мен кандай абалда болгонумду элестете албайсыздар. Диванда отуруп алып сиздерге мораль тууралуу сүйлөө жеңил. Мен ал учурда бир гана нерсени — дагы бир жолу кызымды кучактап өөп, аны канчалык жакшы көрөрүмдү айтып алууну ойлогом.

Мен бул өлкөдө жашоо жакшырышы үчүн болгон күчүмдү жумшайм. Жаңы жылыңар менен! 2020-жыл өлкө үчүн бурулуш жылы болсун. Колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем. «, — деп сөзүн жыйынтыктаган Жолдубаева.

Эске сала кетсек, Кундуз Жолдубаевага мурда коюлган «бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «калайман башаламандык уюштуруу», «барымтага алуу» беренелерине дагы “атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу”, “тергөөгө каршылык көрсөтүү”, “адамды коркунуч абалда калтыруу” жана “адамдын ден соолугуна зыян келтирүү” деген айыптар кошулган.

27-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин үй камагына алган. Ал эми 30-декабрда Жолдубаева жашаган батир камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.