Финансы министрлиги: Бирдиктүү депозитке 1 млрд 968 млн сом түштү

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Янв 2020 11:51
0 ой-пикир

Укук коргоо органдарынын коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке эки миллиарддай сом которулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү депозит эсебине 1 миллиард 968,7 миллион сом 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 24-декабрына чейинки аралыкта түшкөн.

Эң көп каражатты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финансы полициясы) которгон. Анын суммасы 959 миллион 388 миң 42 сом 35 тыйын. Экинчи орунда Башкы прокуратура — 628 миллион 307 миң 432 сом 27 тыйын которгон.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 369 милллион 54 миң 77 сом 73 тыйын, Ички иштер министрлиги 11 миллион 983 миң 373 сом 72 тыйын которгон.

Эске сала кетсек, бирдиктүү депозит эсеби 2018-жылы июнь айында ачылган. Кыргызстандын күч структуралары Коррупцияга каршы күрөштүн негизинде мамлекетке кайтарылган акчаны бул эсепке которушат.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка мектептер куруларын айткан. Былтыр өлкө башчынын буйругу менен Чүй облусу, Бишкек менен Ош шаарларындагы 15 мектептин имаратына кошумча корпус куруу үчүн 799,3 миллион сом бөлүнгөн. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.