Апрель революциясына 10 жыл: драмалык чыгармаларга сынак жарыяланды

Окуялар тизмеги, Өлкө 04 Янв 2020 12:07
0 ой-пикир

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата драмалардын республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Сынактын максаты — замандын курч көйгөйлөрүн камтыган жаңы образдарды жаратуу, турмуш чындыгын драма, трагедия жана комедия аркылуу чагылдыруу болмокчу. Билдирмеде кыргыздын чыгаан эр азаматтарын даңазалап, улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү сынактын бирден-бир милдети экени айтылган.

Талаптары:

  • драмалык чыгармалар толук жазылып бүтүшү керек;
  • драманын тематикасына чек коюлбайт;
  • мурда жазылган жана театрларда коюлган, сынактарга катышкан пьесалар кабыл алынбайт;
  • чоңдор жана жаш драматургдардын чыгармалары эки багытта бөлүнүп каралат. Улуу муундагы драматургдардын улуту жана кесиби боюнча чектөөлөр коюлбайт. Жаш калемгерлер 35 жашка чейин болушу керек;
  • бир эле автор бир нече пьесалары менен катыша алат;
  • пьесалар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;
  • сынакка жиберилген драмалар 21 беттен кем болбошу зарыл.

Пьесалар 2020-жылдын 15-февралына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Iskusstvo _art@mail.ru электрондук дарегине жиберилиши керек.

Сынактын жеңүүчүсүнө 315 000 сом ыйгарылат.

Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта «элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуш үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты», — деп жазылат.

Жарлыктын алкагында Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чаралар өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп президенттин аппараттынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев дайындалган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.