Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата драмалардын республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Сынактын максаты — замандын курч көйгөйлөрүн камтыган жаңы образдарды жаратуу, турмуш чындыгын драма, трагедия жана комедия аркылуу чагылдыруу болмокчу. Билдирмеде кыргыздын чыгаан эр азаматтарын даңазалап, улуттук драматургиянын өнүгүүсүнө шарт түзүү сынактын бирден-бир милдети экени айтылган.
Талаптары:
- драмалык чыгармалар толук жазылып бүтүшү керек;
- драманын тематикасына чек коюлбайт;
- мурда жазылган жана театрларда коюлган, сынактарга катышкан пьесалар кабыл алынбайт;
- чоңдор жана жаш драматургдардын чыгармалары эки багытта бөлүнүп каралат. Улуу муундагы драматургдардын улуту жана кесиби боюнча чектөөлөр коюлбайт. Жаш калемгерлер 35 жашка чейин болушу керек;
- бир эле автор бир нече пьесалары менен катыша алат;
- пьесалар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;
- сынакка жиберилген драмалар 21 беттен кем болбошу зарыл.
Пьесалар 2020-жылдын 15-февралына чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Iskusstvo _art@mail.ru электрондук дарегине жиберилиши керек.
Сынактын жеңүүчүсүнө 315 000 сом ыйгарылат.
Эскерте кетсек, Сооронбай Жээнбеков Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Жарлыкта «элибиздин мыкты уулдары 2010-жылдын 7-апрель күнү Кыргызстанда нукура демократиялык түзүлүштү орнотуш үчүн жанын берип, үй-бүлөлүк-кландык башкарууну кулатты», — деп жазылат.
Жарлыктын алкагында Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланышкан иш-чаралар өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп президенттин аппараттынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев дайындалган.