Америка-Иран согушу болобу?

Аалам, Окуялар тизмеги, Статьялар 04 Янв 2020 20:20
0 ой-пикир

Багдад аэропортуна жакын жерде АКШ Ирандын атактуу жана эң таасирлүү генералы Касем Сулейманини абадан сокку менен өлтүрдү. Бул жаңы жылдын башындагы эң чуулуу жана согуш отун тутанта турган коркунучтуу окуя болуп калды.

Дүйнөнүн баары Иран бул өлтүрүүгө кандай жооп берет? АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларына сокку урабы же Перс булуңун жабууга барабы деген суроолорго жооп күтүүдө?

Иран ачуу менен мындай кадамдарга бара турган болсо, анда Кошмо Штаттардан жаалдуу жооп алат. Бул чоң согуштун чыныгы башталышы болот. АКШ жана Израилдин күткөнү мына ушул. Алар бир шылтоо менен Ирандын таш-талканын чыгарууну эңсеп жүрүшөт.

Күч тең эмес. Америка жана Израиль өтө күчтүү.Иран ракеталык технологиясын, дрон жана башка аскердик техникаларын өнүктүрүү үстүндө абдан аракеттенип келатат жана кайсы бир тармактар боюнча мыкты ийгиликтерге жетишти. Бирок аларды бекемдөө үчүн, күчтөрдү теңөө үчүн Иранга дагы убакыт керек. Азыркы кезде күч тең эмес.

Ошондуктан Ирандын жетекчилиги ачык согушка жол бере турган кадамдарга барбайт. Анткени бул Ирандын инфраструктурасынын таш-талканы чыгышына алып келет. Муну Тегеран жакшы түшүнөт.

Ал эми генерал Касем Сулайманинин өлтүрүлүшү үчүн өч алуу убагы жана ыңгайына жараша болот деп жатышат…

Булак: uа.kg

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.