Жогорку Кеңеш өз ишин 13-январда баштайт

Окуялар тизмеги 03 Янв 2020 13:37
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы жылдык эс алуудан кийин үч күн региондорду кыдырат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, эл өкүлдөрү 8-9-10-январь күндөрү өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушуу боюнча токтом кабыл алган. Андан кийин эки күн ишемби менен жекшембиге туура келет. Жыйынтыгында, парламенттин депутаттары 13-январдан тарта жумушка чыгышат.

Эске сала кетсек, кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамдарына карата 7-январга чейин эс алат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.