Сасык тумоого чалдыккандардын саны өсүүдө

Окуялар тизмеги, Өлкө 02 Янв 2020 11:13
0 ой-пикир

Бишкекте саламаттыкты сактоо мекемелери, бейтапканалар 2-январдан тартып кадимкидей тартипте иштей башташты. Бул туралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-декабрда жана 1-январда бейтапканаларда күзөт бригадалары гана иштеген.

Майрам күндөрү өлкөдө оррулардын арасынан сасык тумоого чалдыккандардын саны өскөндүгү айтылат. Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасына бир сутка ичинде 665 адам кайрылган. Алардын ичинен 155 бейтап ооруканага жаткырылган.

Ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар. Оорукана 400 орунга эсептелгендиктен, алардын баары учурда толуп, батпагандар коридордо жатышат. Бирок баары тең тиешелүү медициналык жардам алып жаткандыгы белгиленген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.