Рим папасы Жаңы жыл түнү бейтааныш аялды чаап жиберди. ВИДЕО

Аалам, Окуялар тизмеги 02 Янв 2020 10:26
0 ой-пикир

Ватикандагы Ыйык Петр аянтында Жаңы жыл тосуу аземинде жагымсыз инцидент болуп өттү. Ruptly порталы жарыялаган видеого караганда Рим папасы Франциск бейтааныш аялды бир нече ирет чаап жиберген.   

Видеодо тосмо артындагы элдин арасында турган аял понтификтин колун күч менен тартып, өзүнө көңүл бурдургусу келген.

Ошол маалда Рим папасы кыжыры келип кеткен сыяктуу колун силкип, тиги аялды бир нече жолу колго чапкылап жиберет.

Эртеси кайра 83 жаштагы понтифик  «кечээги олдоксондугум үчүн кечирим сурайм» дегенин кабарлаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.