Азамат Байматов малайзиялык клубга өттү

Окуялар тизмеги 02 Янв 2020 20:09
0 ой-пикир

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов малайзиялык клубга өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Байматов Малайзиянын 1-лигасында ойногон “Куала Лумпур” футбол клубунун оюнчусу болуп калды. Келишим бир жылга түзүлгөндүгү айтылат.

Футболчунун өзүнүн айтымында, ага  бир эле учурда эки клубдан чакыруу түшкөн.

«Малайзиялык клубдан тышкары, индонезиялык дагы бир командага чакырышты. Мен Малайзияны тандадым. Анткени мага кайсы шаарда жашарым да маанилүү. Учурда үй-бүлөм менен Куала-Лумпурдабыз. Жаңы командамда жети деген номер менен ойногону жатам», — деди футболчу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.