Жаңы жылга караган түнү үч эгиз төрөлдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 13:03
0 ой-пикир

Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 261 ымыркай төрөлдү. Бул туралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, ымыркайлардын 133ү эркек бала, 128и кыз.

Бишкек шаарында 67 эне көз жарды. Бир эгиз балдар төрөлдү. Жарык дүйнөгө келген балдардын 34ү эркек, 34ү кыз.

Жалпысынан, өлкө боюнча үч эгиз төрөлдү. Алар Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордо, Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келишти.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда болуп, 80 наристе төрөлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.