Жаңы жыл түнү тартип сакчысы бычакталды

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 20:21
0 ой-пикир

Жаңы жыл түнү Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын сержанты Майрамбек Абылов бычакталды. Бул жөнүндө облустук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкери тааныштарынын чакыруусу менен топ балдардын мушташкан жерине барган учурда бычакталган. Оор жарадар болгон тартип сакчысы ооруканага жетпей үзүлгөн.

Майрамбек Абылов 2013-жылдан бери милицияда иштеп келаткан. 30-декабрда ал нөөмөттө болуп, 31-декабрда эс алууга чыккан. Окуя болгон жерге ал милиция кызматкери катары өз милдетин аткаруу үчүн барган. Артында эки бала атасыз калды.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.