Социалисттик эмгектин Баатыры Канышбек Сагинбаева каза болду. Некролог

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 20:05
0 ой-пикир

2019-жылдын 31-декабрында 83 жаш курагында Кыргыз ССРнин Жогору Советинин Президиумунун төрагасынын мурдагы орун басары, Социалисттик эмгектин Баатыры Канышбек Сагинбаева каза болду.

Канышбек Сагинбаева 1937-жылы 7-августта Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Аксай айылында туулган.

Ал 18 жашында Бишкек шаарына келип, «Октябрдын 40 жылдыгы» атындагы тигүү фабрикасына ишке орношкон.

Канышбек Сагинбаева 1969-жылы жеңил өнөр жай техникумун аяктаган. Ал бүтүндөй эмгек жолун фабрикага арнап, ошол жерден 55 жашында пенсияга чыккан. Ардактуу эс алууга чыгардын алдында 10 жыл бою ал өндүрүштө мастер болуп иштеген.

Канышбек Сагинбаева 1974-жылы Кызыл туу ордени менен сыйланган, ал эми 1976-жылы Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

1977-жылы Канышбек Сагинбаева Октябрь революциясы ордени менен сыйланган. Ушул эле жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Канышбек Сагинбаева бир нече жолу Кыргыз ССР Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп шайланган.

1980-жылы Канышбек Сагинбаева Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп шайланган, Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын 25-съездинин делегаты болгон.

1984-жылы ага эмгектеги жетишкен ийгилиги үчүн Социалисттик эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган. Мындан тышкары Канышбек Сагинбаева Ленин, Эмгек Кызыл туу жана Октябрь революциясы ордендери, Социалисттик эмгектин Баатыры жылдызы менен сыйланган.

Канышбек Сагинбаева өмүрүн өндүрүшкө, аны өркүндөтүүгө жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, эмгекчилердин укуктарын коргоого арнаган. Канышбек Сагинбаеванын жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат.

Анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Ш. Жээнбеков, Д.А. Жумабеков, М.Д. Абылгазиев, Г.У. Калиева, М.И. Абакиров, К.А. Касымалиева, К.А. Боронов, Ж.П. Разаков, А.С. Өмүрбекова, З.М. Аскаров, Д.А. Эсеналиев, С.А. Кылжыев, Ч.А. Айдарбеков, К.А. Жунушалиев, М.Т. Джаманкулов, Б.Ж. Жеенбаева, С.Т. Муканбетов, Э.У. Чодуев, Ж.С. Бейшенов, Н.С. Мирзахмедов, К.А. Исаков, К.С. Чолпонбаев, А.К. Жаманкулов, У.Т. Кочкоров, Э.Д. Тердикбаев, О.Н. Опумбаев, Э.К. Осмонбетов, Д.Д. Догоев, А.А. Намазалиев, А.Э. Суракматов, М.Ш. Шеримкулов, Т.А. Акматов, Б.Ж. Курманов, К. Сатаров, Ж. Тентиев, К.М. Давлетова.

Канышбек Сагинбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2020-жылдын 2-январында саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспектиси 127 дарегинде өтөт. Канышбек Сагинбаеванын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.