Сөз эркиндигинин баркын абакта билдим, — Сапар Исаков

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 21:04
0 ой-пикир

15 жылга кесилген мурунку премьер-министр Сапар Исаков журналистерди Жаңы жыл менен куттуктады. Ал өзүнүн куттуктоосун адвокаты Бакыт Автандил уулу аркылуу берип жиберген.

Сапар Исаков катында учурда мамлекеттик маалымат каражаттары ага карата бир тараптуу каралоо жүргүзүп жаткандыгын жазган. Мурунку премьер өз убагында өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштегенин, Кыргызстан энерго көз карандылыктан арылсын деген максат болгондугун белгилеген.

“Ошол эле кезде соттук териштирүүлөрдү ачык айкын чагылдырган көз карандысыз журналисттерге ыраазычылык билдирем. Темир тор артында жатканыма бир жарым жыл болду. Мен чындап, “сөз эркиндиги” деген сөздүн маани-маңызын түшүндүм. Көз карандысыз журналисттер, сиздерге ден соолук жана дем күч каалайм”, — деп жазган Исаков.

Эске сала кетсек, 6-декабрда ТЭЦти модернизациялоодогу коррупция боюнча сот өкүм чыгарган. Сот экс-премьер министр Сапар Исаковду 15 жылга кескен.

Мындан тышкары, мүлкү конфискацияланып, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы «Манас» ордени жокко чыгарылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.