Ошто борбордук аянттагы Жаңы жылдык майрамга 13 миңге жакын адам катышты

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 10:43
0 ой-пикир

31-декабрь күнү Ош шаарында жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылды. Ага белгилүү эстрада жылдыздары жана куудулдар катышты.

Кечки майрамдык иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери катышып, жалпы шаардыктарды жана конокторду куттукташты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында жаңы жылдык салют атылып, жаштар үчүн бий кече менен уланды.

Жалпысынан борбордук аянтка 13 миңге жакын шаардыктар жана коноктор катышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.