Дүйнө 2020-жылды кантип тосту?

Аалам, Окуялар тизмеги, Фото 01 Янв 2020 22:09
0 ой-пикир

Дүйнө 2020-жылга кадам таштады. Жаңы жылды биринчилерден болуп Азия өлкөлөрү тосуп алды.

Сидней

Жаңы жылды ким кандай тосту? Баяндаманы Би-Би-Си сүрөт аркылуу айтып берген.

Бишкек
Бишкек
Бишкек

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн майрамдык салатанат асманга атылган фейерверк менен жыйынтыкталды. Бишкектеги абанын кескин булганып кетишине байланыштуу көпчүлүк активисттер фейерверк атуудан баш тартууга чакырган эле. Бишкек мэриясы кантсе дагы тургундарга майрамдык маанай тартуулоону чечкен. Мэрия Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан үч тонна таштанды чыгарылганы билдирди. Ошондой эле майрамдык салтанат учурунда 12 бала ата-энесинен адашып кетип, кайра табылган.

Москва: салют жана концерт
Человек в костюме Деда Мороза на ракете
дети в шоу

Москвада майрамды кары жок тосушту. Шаардагы көпчүлүк сейил бактарында концерттер болуп, Кызыл аянтта театралдаштырылган чоң салтанат өттү.

Австралия өрткө карабастан…

Австралиядагы токой өртү өтө күчөп кеткенине байланыштуу башында майрамды белгилөөдөн баш тартуу демилгеси болгон эле. Шейшембиде өрт Корбарго шаарына чейин жетип келген. Өрттөн жүз миңдеген жаныбарлар өлдү. Ошондуктан ушундай кырдаалда майрамдоонун кажети жок дегендер болду. Бирок шаардын мэри Кловер Мур майрам кишилерге үмүт берет деп билдирүү жасады.

Ошентип майрам болду. Сиднейдин асманына фейерверктер атылып, майрамдык иш-чаралар өттү.

2020-жылдагы фейерверктер
Гонконг: каршылык акциялардын фонунда

Жарым жылдан бери массалык каршылык акциялары жана кагылышуулар токтобой жаткан өлкөдө бул жолу майрамдык фейерверктен баш тартууну чечишти. Шаардын бийлиги азыркы кырдаалда бул кооптуу болот деп тапты.

лайт-шоу

Мунун ордуна Коулун булуңунда өзгөчө шоу өткөрүштү. Шаар тургундары жана алты айдан бери бел чечпей акцияларды өткөрүп жаткан демонстранттар майрамдык салатанатка келип, желек жана плакаттарды кармап турушту. Алар демократияны коргоп калуу чакырыгы менен чыгууда.

Айрым райондордо камакка алуулар болду деп кабарлайт Hong Kong Free Press сайты. 2020-жыл кирип келгенден бир нече минутадан кийин полиция көздөн жаш агыза турган газ колдонду.

Дубай: на Бурж-Халифтеги лайт-шоу
Бурдж-Халифа

Бириккен Араб Эмираттында жаңы жылдык салтанаттар салтуу түрдө дүйнөдөгү эң бийик имаратта өтүп келүүдө.

Өткөн жылы 828 метр имаратта фейерверктердин кызыл оту чачылган эле. Бул жылы деле андан кем калбаган салтанат болду.

Индия
ворота индии

Мумбайда фейерверктер «Индия дарбазасынын» фонунда атылды. Бул укмуштуудай дарбазаны өлкө эгемендик алгандан кийин 13 жыл курушкан. Ушул жер аркылуу акыркы британдык аскер чыгып кеткен эле.

Булак: Би-Би-Си\Кыргыз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.