«Азаттыктын» иликтөөсү эл аралык жогорку баага татыды

Окуялар тизмеги 01 Янв 2020 09:43
0 ой-пикир

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги биргелешип даярдаган иликтөө эл аралык жогорку баага татыды.

Эл аралык журналисттик түйүн катары таанымал IJnet уюму 2019-жылдагы эң кызыктуу журналисттик долбоорлордун тизмесин түздү. Ага «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» иликтөө да кирген.

Эске сала кетсек, «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөдө Кыргызстанга миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалымдалат. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да аты аталат.

Иликтөөгө байланыштуу бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианын үстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүштү.

Райымбек Матраимов иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын 6-декабрда билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.