2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланды

Окуялар тизмеги, Өлкө 01 Янв 2020 09:27
0 ой-пикир

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков жаны жыл менен куттуктоосунда билдирди.

«Бул багыттагы иштер 2020-жылы да уланат.

Биз алган жолубуздан кайтпайбыз. Өлкөнү туташ санариптештирүүнү улантабыз.

Урматтуу мекендештерим, ар бир адам үчүн бала — жашоонун маңызы. Ар бир ата-эне бала үчүн баардыгын жасоого даяр. Ошентсе да, балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл.

Ушул максатта 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо Жылы деп жарыялоону чечтим.

Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болуусу — көңүл борборундагы маселе. Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.