Жаңы жылга карата Кайгуул милиция кызматы элге кайрылуу жасады

Окуялар тизмеги 31 Дек 2019 14:45
0 ой-пикир

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция кызматы жаңы жыл майрамына карата элге кайрылды.

Кайгуул милициянын кызматкерлери коомдук жайларда тартипти жана коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштейт.

«Жаңы жыл күнү жарандар ага-тууган, жоро-жолдошторун куттуктаганы каттагандыктан шаарда унаа тыгыны жаралышы ыктымал. Ошондуктан мүмкүн болсо бул күндөрү коомдук транспортторго түшүүгө чакырабыз. Ал эми жөө жүргүнчүлөр, жолдон ары-бери өтүүдө, коомдук транспортторго түшүп жана чыгууда өтө кылдат жана сак болуңуздар. Кечки убакта жарык чагылдыруучу элементтери бар кийим кийүү сунушталат», — дешти милициядан.

Белгилей кетсек, 30-декабрдан тарта Кайгуул милиция Бишкек шаарынын төрт районунда тең иштеп баштады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.