Жаңы жылга карата 8 троллейбустук каттамдын багыты өзгөрдү

Окуялар тизмеги, Өлкө 31 Дек 2019 13:37
0 ой-пикир

Бүгүн, 31-декабрда Жаңы жылга карата 8 троллейбустук каттам жүргүнчүлөрдү жаңы багыт боюнча ташыйт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кечки саат 22:00дөн баштап троллейбустар «Ала-Тоо» аянтына барып, жүргүнчүлөрдү төмөнкү даректер боюнча ташыйт:

№2 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Аламедин-1;

№4 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Булгаары заводу (Кожзавод);

№7 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Тунгуч кичи району;

№8 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – «Ак-Өргө» конушу;

№10 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Асанбай кичи району;

№14 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Жал кичи району;

№14 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Киркомстром кичирайону;

№17 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Асанбай кичи району, Карл Маркс көчөсүнөн кийинки бөлүгү.

Ошондой эле Жаңы жылга караган түнү 8 автобус жана 700гө жакын маршрутка иштейт.

Ал эми 1-январдан тарта 74 троллейбус эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.