Салык кызматы: «Вечерний Бишкек» мамлекетке 10 млн сомдон ашык карыз

Окуялар тизмеги, Өлкө 31 Дек 2019 10:46
0 ой-пикир

Өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылмаларынын бири «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коому салык төлөбөй жүргөндүгү белгилүү болду. Бул маалыматты Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  «Вечерний Бишкек» басылмасы мамлекетке 9,7 млн. сом жана 2,3 млн. сом туум карыз. Карыз салык төлөөчүнүн берген отчётунун негизинде пайда болгон.

Карыз сот аркылуу өндүрүлөрүн Мамлекеттик салык кызматы кошумчалады. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.