Өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылмаларынын бири «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коому салык төлөбөй жүргөндүгү белгилүү болду. Бул маалыматты Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Вечерний Бишкек» басылмасы мамлекетке 9,7 млн. сом жана 2,3 млн. сом туум карыз. Карыз салык төлөөчүнүн берген отчётунун негизинде пайда болгон.
Карыз сот аркылуу өндүрүлөрүн Мамлекеттик салык кызматы кошумчалады.