Референдум өткөрүү боюнча Курултай февралда өтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 31 Дек 2019 13:05
0 ой-пикир

Элдик Курултайдын мүчөлөрү бийликти конституциялык реформаларды жасоого, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө жана кен байлыктарын иштетүүнү көзөмөлгө алууга чакырган. Алгачкы кадам катары Жогорку Кеңеш референдум өткөрүүнү талап кылган элдик демилге боюнча жумушчу топ түзгөндүгү белгилүү болду.

Элдик Курултайдын мүчөсү Айбек Мырзанын «Азаттыкка» билдиришинче, алар үч маселе боюнча референдум өткөрүүнү талап кылып жатышат:

Референдумда алгач «Президент жана Жогорку Кеңеш жыл сайын элдик курултайда отчёт берип турушун колдойсузбу же жокпу?» деген суроо коюлат. Эгерде президенттин ишин курултай канааттандырбаса, ал отставкага кетиши керек. Мындай жол менен президент жана парламенттин үстүнөн элдик көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатабыз. Экинчи суроо «Толук парламенттик мамлекетти каалайсызбы же толук президенттик болсунбу?» деп коюлат. Үчүнчү суроо учурда катуу талкууланып жаткан шайлоо системасына байланыштуу. Анда «Шайлоо системасынын кайсы түрүн колдойсуз: бир мандаттуубу, толук партиялыкпы же аралашпы?» деген суроо берилет.

Бирок, референдумдун демилгечиси саясатчы Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине дайындалды. Мындан улам буга чейинки эки ыңкылаптын башында турган саясатчынын дайындалышына курултайчылардын оюу кандай? Алардын кийинки кадамдары кандай болот? Бул жөнүндө элдик Курултайдын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Маматаев VB.KG сайтына айтып берген.

Анын айтымында, Курултай Бекназаров менен биргеби же жокпу, кандай болсо да, февраль айында өткөрүлөт.

-Биз жакында эле аны менен сүйлөшкөнбүз. Ал Курултай өткөнчө президентти кызматка дайындоо жөнүндө указга кол койбой туруусун өтүнгөнүн айткан. Бирок, президент указга кол койгондон кийин, демек бул саясый чечим болгон. Кандай болсо да, биздин койгон баардык талаптарыбыз, жеке Бекназаровго тиешелүү эмес. Бул көптөгөн адамдардын жалпы эмгеги. Бизди анын Малайзияга элчи болуп кетип жаткандыгы анча деле ойго салбайт. Эгер президент ушундай деп чечсе, мейли ошондой болсун, биздин талаптарыбыз мурдагыдай эле күчүндө кала берет. Аларды бийлик кабыл албаса, анда башка иш, бирок, ошондой болсо да биз бул багытта дагы деле иштей беребиз, — деди Маматаев.

Ушуну менен бирге саясатчы белгилегендей, ал жана анын жолдоштору Бекназаров Кыргызстанда салмактуу саясый фигура болуп саналарын, ошондуктан ансыз кыйын болорун түшүнүп турушат.

-Ооба, алгачкы убакта Бекназаровсуз кыйын болот, бирок, биз мындай абалдан чыгуу жолун табабыз деген ойдомун. Табылбай турган адам болбойт, Бекназаровдун саясаттан эс алгысы келгенинин, балким жакшы жагы да бардыр. Ал бул кадамы менен келечектүү жаштарга жол берип жатат, — деп кошумчалады ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.