Бишкек мэриясы жаңы жылдык шаңдуу концерт тартуулайт

Окуялар тизмеги, Өлкө 31 Дек 2019 08:38
0 ой-пикир

Бүгүн 31-декабрь күнү кечинде «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык концерт өтөт. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабыларын, Бишкек мэриясы маалымдады.

Маалыматка караганда, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат.

Белгилей кетсек, «Ала-Тоо» аянтындагы жаңы жылдык концерт саат 20:00дө башталат. Концерттик иш-чарада мэриянын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттары, Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактияр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен, Марс Мамаев өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.