Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

Окуялар тизмеги 31 Дек 2019 16:41
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу «Фейсбуктагы»  «Бүгүнкү КСДП» баракчасына жарыяланды.

«Кымбаттуу мекендештер!

Жаңы жыл – баарыбыз кереметке ишенген, изги үмүттөрдүн жана аруу тилектердин майрамы!
Мага ишенип коюңуздар, Кудай таалам биз жеңе албаган сыноолорду жибербейт, кыйынчылыктар биздин өлкөнү күчтүү, элибизди даанышман кылат.

Менин кымбаттууларым!

Келе жаткан жаңы жылда сиздердин баарыңыздарга жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр, бакты таалай жана аруу тилектериңиздердин ишке ашуусун каалайм.

Жакшылык дайыма жамандыкты, чындык дайыма кара мүртөздүктү жеңип чыгаарын унутпаңыздар.

Жаңы жылыңыздар кут болсун! Бактылуу, таалайлуу болуңуздар!»- деп айтылат мурунку президенттин куттуктоосунда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.