Абактагы Равшан Жээнбеков кыргызстандыктарга кайрылды

Окуялар тизмеги 31 Дек 2019 09:25
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда абакта кармалып жаткан Равшан Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Текстти толугу менен беребиз:

«Тилекке каршы, 2019-жыл өлкөбүз үчүн бир кыйла оор жыл болду. Бийлик өз жарандарынын үмүтүн актай албады. Экономикадагы катачылыктарынан, жакырчылык коркунучунан жана ал боюнча стратегиянын жоктугунан элди алаксытуу үчүн бийлик репрессияларга, жарандардын эркиндиктери менен укуктарын куугунтуктоого жүз бурду. Жаңыдан коомдук жигердүүлүгүн баштап келе жаткан жаңы муунга карата саясий репрессиялар өзгөчө кооптуу. Бул жаңы муундун өз күчүнө болгон ишенимин суутат, эң билимдүү жана келечектүү жарандарыбыз болгон жаштарыбызды саясий процесстерден алыстатат.

Бийлик адилеттүүлүктүн жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруунун жоктугун пропаганданын жардамы менен жаап-жашырууга, бардык көйгөйлөрдү “гейлер менен тыңчыларга” жармаштырууга аракет жасоодо. Биз тышкы саясаттагы бүлүнүүгө, бардык жакынкы жана алыскы коңшулар менен мамиленин начарлашына күбө болуп жатабыз. Тажикстан менен чек арадагы атышуулардан баштап ири эл аралык донорлор менен мамиленин бузулуусуна чейин айтсак болот.

Келе жаткан 2020-жылы Кыргызстан ири саясий кризиске чөмүлөт. Бийлик, мурдагыдай эле, 2020-2025-жылдарга карата олигархиялык жана жалган демократиялык партиялардан турган ыңгайлуу парламентти куроого далбас урат.

Биз кыргыз коомчулугунда укук жана эркиндик баалуулуктары кыйынчылык менен кабылданып жаткан чакта системдүү реформаларга жандуу коомдук талаптын болбошун моюндашыбыз керек.

Демократтар 2020-жылдагы парламенттик шайлоого таасир көрсөтө алышы үчүн мурда-кийинки жеке таарынычтарды жана талаптарды четке сүрө турууга туура келет. Демократтар азчылык болгондуктан, биз дагы биригүүбүз, кеңири коалиция куруубуз зарыл.

Реформаларды жылдыруу үчүн жарандардын талкуулоосу, талашуусу жана биригүүсү маанилүү. Пайда көрүү же жеке кызыкчылыктар үчүн эмес, принциптердин, идеялардын, реформаларга ачыктыктын негизинде биригүүгө даяр болуу бизден бийик саясий маданиятты жана чыдамкайлыкты талап кылат.

Мен 2020-жыл тилектештиктин, жаш күчтөрдүн саясатка келүүсүнүн, демократиялык идеялардын айланасына биригүүнүн жылы болооруна ишенем. Биз баарыбыз бирге Жаңы Кыргыз мамлекетин курууга олуттуу кадам таштайбыз», — деп айтылат кайрылууда.

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурунку президент Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштуруу кылмыштарына тиешеси бар деп, 12-декабрда камакка алынган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-декабрда анын баш коргоо чарасын карап, 9-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Бишкек шаардык соту Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.