Жээнбеков менен Эмомали Рахмон кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты

Окуялар тизмеги 30 Дек 2019 18:14
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сооронбай Жээнбеков президент Эмомали Рахмонду жана Тажикстан элин келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктады, тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын олуттуу маселелерин талкуулашты, келечекке карата, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча процессти ылдамдатуу боюнча, ачык-айкын пландарды белгилешти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.