Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевга унаа белек кылды

Окуялар тизмеги 30 Дек 2019 19:59
0 ой-пикир

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевга унаа белек кылды. Бул тууралуу КСДП партиясынан билдиришти.

«Татарстан президенти Раиса Атамбаеванын коомдук транспорттогу сүрөтүн көрүп, ага унаа белек кылып, айдоочунун маянасын жана унааны колдонууда жарала турган чыгымдардын баарын өз мойнуна алды», -деп айтылат маалыматта.

Экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаева Рустам Миннихановго адамгерчилиги, кайдыгер калбаганы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

«Раиса Атамбаева элдин колдоосу ага күч берип, жакшылыктан үмүтүн үзбөөгө үндөй турганын билдирди. Ошондой эле, коомдук транспорт менен жүрүү ал үчүн кадимки көрүнүш экенин белгиледи», -дешет партиядан.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын октябрында Инстаграмда аялдамада маршрутка күтүп жаткан экс-президенттин жубайынын сүрөтү жарыяланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.