Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган талапкерди президент четке какты

Окуялар тизмеги 30 Дек 2019 19:47
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү сотторго 17 судьяны дайындап, Жогорку соттун судьялыгына сунуш кылынган бир талапкерди артка кайтарды.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, Жээнбеков 27-декабрда айрым талапкерлер менен маектешип, жыйынтыгында Судьяларды тандоо кеңеши сунуш кылган 17 талапкерди Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторуна судья кылып дайындады.

Өлкө башчы Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн бир талапкер боюнча мамлекеттик органдардан алынган маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, аны судья кылып дайындоодон баш тартты.

Судьяларды тандоо кеңешине кайра кайтарылган талапкердин аты айтылган жок.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.