Бишкекте шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Окуялар тизмеги, Өлкө 30 Дек 2019 09:51
0 ой-пикир

Бишкекте окуучулар арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат 3-12-январь күндөрү өтөт. Анда өлкө аймагынан чогулган 6 жаштан 18 жашка чейинки курактагы кыздар, балдар катышат.

Бишкек шаарында уюштурулуп жаткан иш-чаранын максаты күчтүү спортчуларды Азия жана дүйнө биринчилигине тандоо жана алардын чеберчилигин арттыруу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.